Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
27-январга караган түнү өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республика аймагында күн ачык болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Талас жергесинде -3…+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Ысык-Көлдө -1…+4, Нарын өрөөнүндө -5…-10 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +6…+8 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0