Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТыйын чычкан. Архив
Тыйын чычкан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
5-февралга караган түнү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча күн ачык болот. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12…+17, Таласта +13…+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +3…+8, Нарын жергесинде 0…-5 градус болору кабарланды.
Күндүн табы Бишкекте +14…+16, Ош шаарында +15…+17 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0