БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Улукбек Мариповдун жетекчилиги астында эмгек акы тутумун өзгөртүү жолу аркылуу эмгек рыногун өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин 3-февралда бекитилген "Чыныгы максаттар, жаңы багыттар" деген аталыштагы программасында жазылган.
Андагы "Экономиканы модернизациялоо" бөлүмүндө эмгек рыногун өнүктүрүүгө дем берүү үчүн эмгек акы тутуму өзгөрөрү айтылат. Бардык секторлордо эмгек акы ордуна саат боюнча эмгектенген ишти баалоо тутуму жайылтылат.Ушул пункт боюнча программада кененирээк маалымат жазылган эмес. Өзүнчө токтом чыгышы ыктымал.
Кыргызстанда негизинен оклад, тагыраагы, бир календарлык ай ичинде эмгек үчүн төлөнгөн система кеңири жайылган. Ошол эле учурда, мисалы, мугалимдерге саатына карап да акы төлөнөт.
Сааттык эмгек акы негизинен Европа өлкөлөрүндө жана АКШда колдонулат.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.
Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров соцтармакта "Кумтөр" ишканасын текшерүү боюнча мамлекеттик комиссияны депутат Акылбек Жапаровдун жетектөөсүнө нааразы болуп жаткандарга Instagram баракчасы аркылуу жооп берди.
Өлкө башчы "Кумтөрдү" Акылбек Жапаров текшерет деген маалыматтан кийин ага "карышкырга кой кайтартыпсыңар" деген билдирүүлөр көп келе баштаганын айткан.
"Урматтуу кыргызстандыктар! Кытай реформатору Дэн Сяопин "кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду" деп айткан. Анын сыңарындай ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Көзөмөл күчтүү болот", — деп жазган Жапаров.
Президенттин мындай билдирүүсүнө карабай соцтармак колдонуучулары нааразы болгон пикирлерин калтырууда.
Кумтөр — өлкөнүн экономикасы үчүн бараандуу орунду ээлеген алтын чыгарган ишкана. Акциянын көпчүлүк бөлүгү Кыргызстанга таандык.