БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жекшемби, 7-февралда, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон желдин ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14, Ош, Жалал-Абад, Баткенде +11...+16, Ысык-Көл облусунда +4...+9 градус жылуу болсо Нарын аймагында +4...-1 градуска чейин түшүшү мүмкүн.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, күндүн табы борбор калаада +10...+12, Ошто +13...+15 градусту көрсөтүп турары болжолдонду.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-мартка караган түнү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында кар жаайт. Дыйканчылык өрөөндөрдө жаан-чачындын болушу болжолдонгон жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурсы Чүй облусунда +10...+15, Таласта +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +12...+17, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.Синоптиктер Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада термометр +10...+12, ал эми экинчи борбор Ошто +15...+17 градусту көрсөтүп турарын билдиришти.