Сүйгөнүн кетирбеш үчүн милицияга карматып... Январдагы соттук чечимдер

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүШектүү. Архив
Шектүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын алгачкы айында өлкөдөгү фемида өкүлдөрү бир топ чуулуу иштерди карап чыгып, аларга карата түрдүү чечимдерди кабыл алды.
Sputnik Кыргызстан агенттиги январь айындагы айрым кылмыш иштерге чыккан өкүмдөрдү сунуштайт.

Уурдалган 312 миң доллар

46 жаштагы жаран өзүнүн кылмыштуу тобу менен биргеликте ири суммадагы акчага ээлик кылуу үчүн бир үй-бүлөгө кол салган. Алар борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында токтоп турган жеңил унаанын терезесин талкалап айдап кетип Бишкектин четиндеги айылдардын бирине барган. Ал жакта жашаган ишкер түндө аэропортко автомашинасы менен жолго чыккан соң кылмышкерлер анын жолун тороп токтотуп, ок атуучу курал колдонуп, 312 миң АКШ долларды алып кетишкен. Жыйынтыгында ишкердин аялы башына ок жеп, өзү оор жаракат менен ооруканага түшкөн. Кылмышкерлердин башчысын сот 13 жылга эркинен ажыратып, 200 миң сом айып салды.

Эки миллион айып пул төлөйт

Кишенделген адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Ысык-Көлдө аялды уулу менен өлтүрдү деп шектелген киши Бишкектен кармалды

Талас облусунун 36 жаштагы тургуну жайлоодо элдин малын кайтарып жүрүп мылтыгы менен эки аюунун мамалагын атып өлтүргөн. Андан соң аларды союп, терисин сыйрып куржунга салып алып айылга келе жатканда колго түшкөн. Текшерүүчү жана укук коргоо кызматкерлери бир миллион сом айып салган, бирок аны төлөгөн эмес. Эми малчы эки жыл пробациялык мөөнөткө көзөмөлдө болуп, мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн эки миллион сом төлөмөр болду.

Эжесине болушуп соттолгон жигит

Мас болгон жигит жездесинин үйүнө барып, ага кол көтөргөн. Бирок сот отурумунда ал кылганын мойнуна алган эмес. Эркектер ортосунда мушташтан соттолуучунун жездеси көз жумган. Эжесине болушкан чоң муштум жигит беш жылга эркинен ажыратылды.

Көчөдө болгон каргаша

Кишилер акчаны берип жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жыштык саткан... Байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси кармалды

Таанышынын өлүмүнө себепкер болгон 35 жаштагы киши 12,5 жылга кесилди. Дарбазасын тепкилеп кайра-кайра тынчын алган немеге үй ээси чыккан. Экөө уруша кетип, мас киши таанышын эшиктин жанындагы темир менен төшкө уруп жиберген. Жаракат алган эркек үйүнө кирип жыгылып, ак халатчандар келгенче эле көз жумган. Териштирүү маалында буга чейин соттолгон шектүү күнөөсүн мойнуна алып, жеңил жаза берүүсүн өтүнгөн. 

Майыпты 23 жолу бычак менен сайган

26 жаштагы жигит өч алууну көздөп үйүнөн бычак алып чыгып, экинчи топтогу майып таанышын караңгыда бычактап салган. Жабырлануучу оор жаракат алып окуя болгон жерде каза болгон. Аны шектүү 23 жолу бычак менен сайып качып кеткен. Погончондор аны бат эле колго түшүргөн. Тергөөдө соттолуучу маркум болгон бала менен бир жума мурун таанышканын, пикир келишпестиктен улам жек көрүп жүргөнүн айткан. Зөөкүр 15 жыл өмүрүн түрмө артында өткөрөт.

Сүйүктүүсүнөн ажырагысы келбеген "Ромео"

ЖОЖдогу студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
ИИМ: Бишкектеги университет чакырткан чет элдик "студенттер" оор кылмыш жасады

Милиция кызматкерлерине жалган маалымат берген адам буга чейин бир нече жолу сот жоопкерчилигине тартылган. Кылмыш болгон күнү ал 102 номерине чалып, "Манас" эл аралык аэропорту аркылуу Россияга кетүүгө камынган аялдын сумкасында баңгизат бар деп кабарлаган. Погончондор ал маалыматтын негизинде ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп, тыюу салынган заттарды андан тапкан эмес. Иш жүзүндө ал жашы жете элек кызы бар келин милицияга телефон чалган эркектин көңүлдөшү болгондугу аныкталган. Сот отурумунда айыпталуучу жакынынын алыска кетүүсүн каалабай ушул жолго барганын, учурда түгөйлөр ынтымактуу жашап жатканын айткан. Эми ал жети ай камакта болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0