Боз-Болток тоосу. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

571
Дүйшөмбүгө караган түнү Ысык-Көл менен Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. 15-февралда күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13...+18, Таласта +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көлдө +4...+9, Нарын жергесинде -4...+1 градус болот.

Бул күнү термометр Бишкекте +15...+17, Ошто +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.

571
Белгилер:
Кыргызстан, февраль, аба ырайы
Тема боюнча
Күн жылый баштайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Башкы прокуратуранын имараты. Архив

Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп берген ишеним номерлерин жарыялады

58
(жаңыланган 22:35 26.02.2021)
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.

Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.

Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду. 

58
Белгилер:
текшерүү, ишкердик, ишеним телефону, Башкы прокуратура, Кыргызстан
Тема боюнча
Дарыканаларды текшерүүгө мораторий жоюлат. Мыйзам долбоору даярдалууда
ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров. Архив

Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду. Президент Акылбек Жапаров боюнча үн катты

217
(жаңыланган 21:37 26.02.2021)
Өлкө башчы "Кумтөрдү" Акылбек Жапаров текшерет деген маалыматтан кийин ага "карышкырга кой кайтартыпсыңар" деген билдирүүлөр көп келе баштаганын айткан.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров соцтармакта "Кумтөр" ишканасын текшерүү боюнча мамлекеттик комиссияны депутат Акылбек Жапаровдун жетектөөсүнө нааразы болуп жаткандарга Instagram баракчасы аркылуу жооп берди.

Буга чейин "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшере турган депутаттык комиссия "мамлекеттик комиссия" деп өзгөртүлүп, аны Акылбек Жапаров жетектемей болгон.

Өлкө башчы "Кумтөрдү" Акылбек Жапаров текшерет деген маалыматтан кийин ага "карышкырга кой кайтартыпсыңар" деген билдирүүлөр көп келе баштаганын айткан.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Кытай реформатору Дэн Сяопин "кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду" деп айткан. Анын сыңарындай ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Көзөмөл күчтүү болот", — деп жазган Жапаров.

Президенттин мындай билдирүүсүнө карабай соцтармак колдонуучулары нааразы болгон пикирлерин калтырууда. 

Кумтөр — өлкөнүн экономикасы үчүн бараандуу орунду ээлеген алтын чыгарган ишкана. Акциянын көпчүлүк бөлүгү Кыргызстанга таандык.

217
Белгилер:
Кумтөр, Акылбек Жапаров, Садыр Жапаров
Тема боюнча
"Кумтөрдү" Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия текшермей болду