Талаада оттоп жүргөн жылкылар. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

51
17-февралга караган түнү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү ыктымалдуулугу бар.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +17...+22, Талас жергесинде +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +18…+23, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +4…+9 градус болору болжолдонду.

Күндүн табы Бишкекте +19…+21, Ош шаарында +21…+23 градусту көрсөтөт.

51
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Стамбул менен Анкарада бурганактаган кардан улам учактар кечигип учууда

Жогорку Кеңеш жаңы Конституциянын долбоорун талкуулап жатат. Түз эфир

7
(жаңыланган 11:18 03.03.2021)
Парламенттин жалпы жыйынында депутаттар жаңы Баш мыйзамдын долбоорун биринчи окууда талкуулап жатат.

Өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Парламентарийлердин демилгеси коомчулуктун катуу сынына кабылды. Айрымдары автору экенин четке каккан.

Мындан улам ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Алар 27-январда өз ишин жыйынтыктаган.

Ал эми 17-февралда жаңы долбоорду демилгечи делген 80 депутат жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуулаган. Ал эми кечээ, 2-мартта, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет долбоорду карап, жактырып берди.

7
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, долбоор, кароо, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Абдылдаев: Конституцияны эринбей Испания, Португалиядан алып жазышыптыр
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив

ЖКда Конституциянын автору делген депутаттардын атын ачыктоо талап кылынды

14
Өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жаңы Конституциянын долбоорунун автору делген депутаттардын аты-жөнүн жарыялоону талап кылды.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында Баш мыйзамдын долбоору каралып, референдум дайындоо маселеси күн тартибине киргизилди.

"Ушул долбоордун авторлору ким экени белгисиз. Компьютерде да, кагаз түрүндө таратканында дагы жок, жазылбаптыр. Азыр талкуу башталганга чейин жаңы Конституциянын долбоорунун автору делген депутаттардын аты-жөнүн таратып койсоңуздар. Эл билип алсын", — деди Акаев.

Эске салсак, өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Парламентарийлердин демилгеси коомчулуктун катуу сынына кабылды. Эл өкүлдөрүнүн айрымдары автор экенин четке каккан.

Мындан улам ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Алар 27-январда өз ишин жыйынтыктаган.

Ал эми 17-февралда жаңы Баш мыйзамды демилгечи делген 80 депутат жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуулаган.

14
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, Жанар Акаев, долбоор, кароо, конституция
Тема боюнча
ЖКнын тармактык комитети жаңы Конституциянын долбоорун жактырды
Абдылдаев: Конституцияны эринбей Испания, Португалиядан алып жазышыптыр