БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкөдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Таласта +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көлдө +7…+12, Нарын өрөөнүндө +4…+9 градус болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +22…+24 градус болору кабарланды.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.
Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров соцтармакта "Кумтөр" ишканасын текшерүү боюнча мамлекеттик комиссияны депутат Акылбек Жапаровдун жетектөөсүнө нааразы болуп жаткандарга Instagram баракчасы аркылуу жооп берди.
Өлкө башчы "Кумтөрдү" Акылбек Жапаров текшерет деген маалыматтан кийин ага "карышкырга кой кайтартыпсыңар" деген билдирүүлөр көп келе баштаганын айткан.
"Урматтуу кыргызстандыктар! Кытай реформатору Дэн Сяопин "кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду" деп айткан. Анын сыңарындай ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Көзөмөл күчтүү болот", — деп жазган Жапаров.
Президенттин мындай билдирүүсүнө карабай соцтармак колдонуучулары нааразы болгон пикирлерин калтырууда.
Кумтөр — өлкөнүн экономикасы үчүн бараандуу орунду ээлеген алтын чыгарган ишкана. Акциянын көпчүлүк бөлүгү Кыргызстанга таандык.