БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө боюнча жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +3…+8, Таласта +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +7…+12, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын өрөөнүндө +2…+7 градус болот.
Бишкекте жана Ошто жаан-чачын күтүлөт. Күндүн табы борбордо +5…+7, Ош шаарында +10…+12 градус болору кабарланды.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өлкөнүн коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Россиянын коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгу менен кезикти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кечээ өлкө президенти жана КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын алкагында жолугушушкан.
Жолугушуунун жыйынтыгында коргоо ведомстволорунун башчылары пилотсуз учуучу аппараттарды пайдалануу боюнча кызматташуу жөнүндө протоколго жана беш жылдык мөөнөткө аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү программасына кол коюшкан.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бир суткада 51 кишиден коронавирус табылып, 55 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 86 142ге жетти.
Айыккандар:
Өлкөдө айыккандардын жалпы саны 83 061 болду.
Бактыга жараша, кечээтен бери бир дагы бейтап оорудан көз жумган эмес.
Азыркы тапта ооруканаларда жалпы 368 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 86 адамдын абалы оор болсо, 20 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Бир сутка ичинде Бишкектен бир медиктен коронавирус табылган.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасынын сатыктагы баасын каттагандыгын РИА Новости жазды.
Мурда ал 1942 рубль (2196 сом) турса, учурда кошумча нарк салыгын кошпогондо эки компонент 866,81 рубль (980.36 сом) болуп калды.
Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров бул арзандоо препаратты жасап чыгаруудагы өнөр жай технологиясынын оптимизациялангандыгынан жана өндүрүү көлөмүнүн көбөйгөндүгүнөн улам болгонун айтты.
"Негизи вакцина чыгаруу жергиликтүү фармацевттик өндүрүш компаниясына берилген мамлекеттин социалдык буюртмасы. Катталган баа эмдөө боюнча россиялык мамлекеттик масштабдуу программадагы вакцинага гана колдонула тургандыгын эскерте кетмечибиз", — деп кошумчалады ал.
Премьер-министр Михаил Мишустин буга чейин вакциналардын баасы өтө кымбаттап кетпешин көзөмөлдөп туруу зарылдыгын эскерткен. Министрлер кабинетинин жетекчиси башкы максат арбын киреше алуу эмес, элге жардам берүү экендигин айткан.
Россиядан сырткары вакцинаны Беларуста, Аргентинада, Боливияда, Сербияда, Алжирде, Палестинада, Венесуэлада, Парагвайда, Түркмөнстанда, Венгрияда, Бириккен Араб Эмирлигинде, Иранда, Гвинеяда, Тунисте, Арменияда, Мексикада, Никарагуада, Ливанда, Мьянма, Пакистанда, Монголияда, Бахрейнде, Черногорияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Сан-Маринодо, Гондураста жана Египетте колдошту.