БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Жекшембиде күндүз өлкө боюнча жамгыр жаашы болжолдонду. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0…+5, Таласта +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +5…+10, Ысык-Көлдө +1…+6, Нарын өрөөнүндө -3…+2 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +3…+5, Ош шаарында +8…+10 градус болору айтылды.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бош убактым болуп калса эле бассейнге барам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде айткан.
Журналист ага "Сиздин убактыңыз чектелүү, тар экенин түшүнөбүз. Ошентсе да Кыргызстандын президенти бош убактысында эмне менен алектенет?" деген суроо узаткан.
"Чынын айтсам, бош убактым жок. Маалымат катчым менен кеңешчимди "мага бош убакыт бербей жатасыңар" деп урушуп жатам. Бирок убакыт болору менен бассейнге барам. Азырынча ошол жакка гана барып жатам. Кудай буюрса, күн жылып калса футбол жана чоң теннис ойнойм. Бирок бош убакыт дээрлик жокко эсе", — деген Жапаров.
Маектин соңунда Жапаров казак калкы Кыргызстанга караганда бир топ жыл алдыга кеткенин айтып, бир тууган элдин ортосундагы ынтымактын бекем болушуна тилектеш экенин билдирген.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстанда күзүндө парламенттик шайлоо болот, баарын таза өткөрөбүз. Бул тууралуу өлкө президенти Садыр Жапаров "Казинформ" агенттигине маек куруп жатып билдирди.
Журналист мамлекет башчысына "Биз кыргыз ЖМКлары менен интернет баракчаларын окуп турабыз. Көпчүлүк сизди катаал жетекчи катары сыпатташат. Бул эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?" деген суроо узатты.
"Сырттан караганда катаал көрүнүшүм мүмкүн, бирок өзүм жумшак адаммын. Сурооңуздун төркүнүн түшүнүп турам. Бүгүнкү күндө бизде бардык сферада мыйзамдар иштеп жатат. Мурдагы жетекчилер, министрлер, чоң аткаминерлер камалууда. Ошол себептен дагы катаал жетекчи дешсе керек. Мурда иштеп кеткенине же азыр иштеп жатканына карабастан күнөөсү болсо жетекчилер кылган ишине жараша жазасын алсын деп жатам. Тийиштүү тараптарга эгер жалган жалаа жаап, камап коё турган болсоңор өзүңөр жоопкерчиликке тартыласыңар деп айтам", — деди Жапаров.Ал ошондой эле Кыргызстанда 30 жылдан бери коррупция гүлдөп өскөнүн белгилеген.
"Кыргызстан боюнча 300 үй-бүлө байып, калганы жакырланып кеткен. Ошонун айынан бизде үчүнчү революция болду. Экинчи себеби — адилетсиз шайлоолор. Биз мурдагылардын катасын кайталаган жокпуз. Жакында жергиликтүү шайлоо, референдум өтөт, күзүндө парламенттик шайлоо болот, баарын таза өткөрөбүз. Мыйзам менден баштап кетмен чапкан дыйканга чейин бирдей болушу керек", — деди президент.
Ал ошондой эле 30 жылдан бери чирип калган системаны жипке тизгендей алып кетүү үчүн 2-3 жыл керектигин кошумчалаган.