БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, өлкө аймагы боюнча күн кайрадан сууктап отуруп, аптанын аягына жакын айрым аймактарда күндүз -10...-16 грудаска чейин жетет.
21-22-февраль күндөрү Талас жана Чүй аймактарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 23-24-февралда Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. 24-25-февралда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Ишемби күнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Өлкөнүн түштүгүндө ушундай эле аба ырайы жуманын экинчи жарымына чейин кармалат.
Көл аймагында 22-февралдан тарта 25-февралга чейин кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, аптанын аягында 15-20 метрге жетет.
Нарын облусунда бүгүндөн баштап мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Бардык региондордогудай эле күн сууктайт.
Аптанын акыркы күндөрү өлкөнүн бардык аймактарында кар жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.
8-март — Аялдардын эл аралык майрамын утурлай жоокерлер өз апаларын, эжелерин айттырбай барып куттуктап, кубантышкан.
Энелердин жүрөгү элжиреп "силер бактылуу болсоңор, мен бактылуумун" деп алкап жатканын көрүүгө болот. Ал эми көчөдө баратып аскерлердин колунан гүл, открытка алган айымдар көңүлү көтөрүлүп рахматын айтышты.
"Жаздын алгачкы күнү менен келген бул майрамда сиздерге бакыт-таалай, бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Бар болуңуздар, кымбаттуу, нур жүздүү, ай-чырайлуу айымдар!" — деп жазылган маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.
Видео Ички иштер министрлигинин YouTube каналына жайгаштырылган.
Суматра (Индонезия) аралында Синабунг жанар тоосу атылды. Анын күлү менен түтүнү беш чакырым бийиктикке сапырылды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапар менен барып, өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев жана туңгуч президент Нурсултан Назарбаев менен жолукту.
Ереванда (Армения) премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган оппозициянын нааразычылык акциясы өттү.
Нигериянын түндүк-батышында согушкерлер мектепке кол салышып, 317 окуучу кызды уурдап кетишкен. Кийинчерээк балдар куткарылды.
Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин Ан-26 учагы менен парашюттан секирүү боюнча машыгуусу өттү.
Сенегалда оппозиция лидери жана президенттикке талапкер Усман Сонко камакка алынгандан кийин өлкөнүн Дакар жана башка шаарларында массалык митингдер өтүп, имараттарды өрттөө жана мародерлук менен коштолду.
Италияда салттуу Милан мода жумалыгы өттү.
Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында миңдеген атчандардын катышуусунда аламан улак болду. Улакчылар 70 килограммдык торпокту марага таштап мелдешти.
Индонезиянын Суматра аралында Синабунг жанар тоосу атылып, анын күлү менен түтүнү беш чакырым бийиктикке сапырылды. Жаракат алгандар жана өлүм болгон эмес. Ага карабастан өлкө бийлиги кырсык болгон жердин үч чакырым айланасындагы жашоочулардан коопсуз жакка көчүүнү өтүнүшкөн
Мумбайдагы (Индия) Тадж-Махал мейманканасынын алдында жубайлар сүрөткө түшүп жатышат
Кыргызстанда аскер кызматкерлери Ан-26 учагы менен парашюттан секирип, машыгуу өткөрүштү
Швециялык спортчу Астрид Норстедт лыжа спорту боюнча Германияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында машыгуу секириктерин жасап жатат
Нигериянын түндүк-батышында согушкерлер уурдап кеткенден кийин бошотулган мектеп-интернаттын окуучу-кыздарынын сүрөтү. 26-февралда боевиктер Замфара штатындагы мектепке кол салып, 317 окуучу кызды уурдап кетишкен. Нигерияда куралчан топтор акча талап кылуу максатында окуучуларды уурдап кеткен учурлар көп кездешет
Испаниянын Айтоне аймагындагы шабдаалы багында сейилдеп жүргөн кыз
2-3-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды. Ал кошуна өлкөнүн башчысы Касым-Жомарт Токаев жана туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис (парламент) төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолукту. Иш сапарда бир катар келишимдерге кол коюлду
АКШнын Флорида штатындагы колледждин студенттери деңиз жээгинде жазгы каникулду майрамдап жатышат
Найробиде (Кения) аял коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделип жатат
Сенегалда оппозиция лидери жана президенттикке талапкер болгон Усман Сонконун камакка алынышы массалык толкундоолорго алып келди. 4-марттан 5-мартка караган түнү Дакар шаарында, анын четинде жана башка шаарларда митингдер өтүп, имараттарды өрттөө, эстеликтерди талкалоо жана мародерлук менен коштолду
Япониялык макака (маймылдын түрү) Нагано префектурасынын Дзигокудани чөлкөмүндөгү жылуу сууда жуунуп жатат
Марселде (Франция) коменданттык саат алдында деңиз жээктей сейилдеген кыздын сүрөтү
Еревандын (Армения) Баграмян проспектисинде өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинянга каршы өткөн оппозициянын нааразычылык акциясынын катышуучусу
Миландагы (Италия) мода жумалыгында Valentino күз/кыш–2021 коллекциясы көрсөтүлдү
Эл аралык аялдар күнүн утурлай Москва метрополитенинде гүл кучактап турган кыз
6-мартта Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында миңдеген атчандардын катышуусунда аламан улак өттү. Бул оюн көк бөрүнүн бир түрү. Мында ар бир катышуучу өзү үчүн ойноп, улакты марага ташташы керек. Улакчылар 70 килограммдык торпокту марага таштап, кызыктуу мелдеш көрсөтүштү
Казакстандагы Байконур космодромунан "Союз-2.1б" космос кемеси "Арктика-М" аппараты менен кошо асманга учурулду. "Арктика-М" бул Арктика чөлкөмүндөгү климатка жана айлана-чөйрөгө байкоо салуучу алгачкы россиялык космостук аппарат болуп саналат
АКШнын Нью-Гэмпшир штатында кар баскан токойду аралап бара жаткан киши