Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЗима в Санкт-Петербурге
Зима в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Жазылуу
Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу 27-февралдан 2-мартка чейин тоолуу райондордо жана айрым ашууларда кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу ыктымал. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү, 28-февралда, республика аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +4...+9, Талас жергесинде +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көл аймагында 0...+5, ал эми Нарында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек шаарында жана Ош калаасында +5...+7 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0