Кайрадан суук түшөбү? Мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТеплая погода в Москве и Московской области
Теплая погода в Москве и Московской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Синоптиктер жаздын алгачкы айында күн өтө деле ысып кетпей турганын боолголошту. Тоолуу жерлерде суук болсо, түштүк аймактарда кээ күндөрү абанын температурасы 25 градуска чейин жетери айтылды.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги март айына карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.
© Фото / Кыргызгидромет2021-жылдын марттагы Кыргызстанда орточо айлык температурасы
Среднемесячная температура по Кыргызстану в марте 2021 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
2021-жылдын марттагы Кыргызстанда орточо айлык температурасы
Синоптиктер белгилегендей, жаздын алгачкы айында тоолуу жерлерде суук кармалса, түштүк аймактарда кээ күндөрү абанын температурасы 25 градуска чейин жетиши ыктымал.
© Фото / Кыргызгидромет2021-жылдын марттагы Кыргызстанда орточо айлык жаан-чачыны
Среднемесячное количество осадков по Кыргызстану в марте 2021 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
2021-жылдын марттагы Кыргызстанда орточо айлык жаан-чачыны

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 4…6 градус жылуу, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 0…2 градус суук болушу күтүлөт.
Баткенде жазгы айдап себүү жумуштары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Кыш кете электе... Баткенде жазгы айдап себүү жумуштары башталды. Сүрөт
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан 2…7 градуска чейин жылыйт. Күндүз абанын температурасы 5…10 градустан 17…22 градуска чейин жылуу болушу божомолдонууда. Кээ күндөрү -3 градуска чейин суук болот.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз 3…8 градустан 12…17 градуска чейин жылуу болуп өзгөрүлүп турушу ыктымал.
Айрым күндөрү 0…-5 градуска чейин суук жүрөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу айтылды.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 2…4 градус жылуу болушу ыктымал.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7 градус сууктан 1…6 градуска чейин жылуу болсо, күндүз 5…10 — 17…22 градус болуп улам өзгөрүп турушу мүмкүн.
Кээ күндөрү -3 градус сууктан 2 градуска чейин жылышы ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу божомолдонууда.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Планета земля - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2020
COVID таасири: метеорологдор беш жылда климат кандай өзгөрөрүн айтышты

Ош менен Баткенде абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 6…8 жылуу, тоо этектериндеги райондордо 4…6 градус жылуу болушу күтүлөт. Жалал-Абадда 7...9 градус жылуу болору божомолдонду.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1 градус сууктан 10 градуска чейин жылуу болсо, күндүз абанын температурасы 9…14 градустан 25 градуска чейин жетип, күн ысышы ыктымал.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градус сууктан 15…20 градуска чейин жылып, абанын температурасы өзгөрүлүп турат. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 1…3 градус жылуу болушу божомолдонууда.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градус сууктан 1…6 градуска чейин жылып, өзгөрүп турат. Чыгышында айрым түндөрү -5…-10 градуска чейин муздашы ыктымал. Күндүз абанын температурасы 1…6 градустан 9…14 градуска чейин жылыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Нарын облусу

Фонтанда ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2018
Келерки беш жылдагы ысык рекорддук көрсөткүчкө жетет

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…-2 градус суук, Кочкор районунда 0…2 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12 градус сууктан 2 градуска чейин жылуу болот. Бирок кээ күндөрү абанын температурасы -13…-18 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы 0…5 градустан 9…14 градуска чейин жылыйт деп божомолдонууда. Ат-Башы районунда абанын температурасы түнкүсүн -3…-19 градуска чейин жетсе, күндүз 11 градуска чейин жылуу болуп өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0