Салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековСдача Единой налоговой декларации в КР
Сдача Единой налоговой декларации в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Жазылуу
2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алары белгиленди.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, ал ушул жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт.
"Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигине салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар декларациясын тапшырууга милдеттүү. Ошондой эле ишкана катары каттоодон өтпөгөн дыйкан жана фермердик чарбалар декларация тапшырышы шарт", — деп айтылат маалыматта.
2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышары белгиленди.
Эске салсак, юридикалык жактардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-мартта аяктады.
Жаңылыктар түрмөгү
0