Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековВесна в Бишкеке
Весна в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Жазылуу
7-мартка караган түнү республиканын тоолуу райондорунда кар жаашы болжолдонду. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Айрым аймактарда туман түшөт.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Жекшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +10…+15, Ысык-Көлдө +5…+10, Нарын өрөөнүндө +4…+9 градусту көрсөтөт.
Бишкекте күн ачык болсо, Ошто жамгыр жаайт. Күндүн табы борбордо +8…+10, Ош шаарында +13…+15 градус болору айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0