Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТеплая погода в Москве
Теплая погода в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
10-мартка караган түнү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +10…+15, Таласта +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл жергесинде +7…+12, Нарын өрөөнүндө +5…+10 градусту көрсөтөт.
Бишкек жана Ошто жаан жаап, күндүн табы +13…+15 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0