БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. 23-мартта күндүз облустардын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас өрөөнүндө +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16…+21, Ысык-Көлдө +7...+12, Нарын жергесинде +5...+10 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +18...+20, Ошто +19...+21 градуска жетет.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 143 миң тонна колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилер темир-тезек катары 11 миллион 920 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-апрелде, колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" ишканасы уюштурган. 1 килограмм алюминийдин баштапкы баасы 65 сом деп бааланган. Соодалашуунун натыйжасында 83 сом 23 тыйындан сатылды.
"Аукциондун жыйынтыгында 143 миң 280 килограмм болгон темир-тезек 11 миллион 920,9 миң сомго сатылды", — деп айтылат маалыматта.
"Унаа" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шералиевдин айтымында, 2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.
Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматта Диндик экспертиза башкармалыгы болуп түзүлгөнүнө эки жылдын гана жүзү болду. Биз террордук, экстремисттик чакырык, үндөөлөрдү камтыган же улуттар аралык кагылышууларга алып келүүчү, болбосо кайсы бир топтогу адамдардын же жеке инсандын аброюна шек келтирген тексттерди талдап, иликтейбиз. Бул тууралуу Жийдегүл Семёнова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сөз аркылуу кылмыш жасоо өлкө аймагында жылдан-жылга көбөйүүдө.
"Сөз менен кылмыш жасоону негизги үч топко бөлүп карайбыз. Алар кептик бейбаштык, кептик алдамчылык жана кептик кылмыш болуп аталат. Мисалы, интернет айдыңында коомго коркунуч жаратпаган, бирок жеке бир адамды же улутту таарынткан текст — бул кептик бейбаштык болуп эсептелет. Ал эми кайсы бир продукцияны эч негизсиз мактап, кымбат сатуу аракетин көргөн сыяктуу тексттер кептик алдамчылыкка кирет. Кептик кылмыш деп биз экстремисттик, террордук чакырыктарды жана башка ушул сыяктуу оор иштерге үндөгөн тексттерди атайбыз. Биздин милдет ошол жерде мыйзам бузуулар бар экенин аныктап берүү гана. Ал эми чечимди сот чыгарат. Аныктоодо биз эч качан бир гана сөзгө же сүйлөмгө басым жасабайбыз. Жазылган жалпы текстке көңүл бурабыз. Ал социалдык тармактагы бирөөнүн жеке баракчасына жазган посту болобу же анын түбүнө жазылган комментарийби, айырмасы жок", — деди Семёнова.
Лингвист 2018-жылы кептик мыйзам бузуу боюнча 86 учур катталса, 2019-жылы 950гө жеткенин кошумчалады.