Жайдагыдай ысыйт! Май айына карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековАла-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив
Ала-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
Синоптиктердин маалыматына караганда, абанын температурасы нормадан жогору болуп, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жайындагыдай ысыйт.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет май айына карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
© Фото / Кыргызгидромет2021-жылдын май айындагы Кыргызстанда орточо айлык температурасы
Среднемесячная температура по Кыргызстану в мае 2021 года  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
2021-жылдын май айындагы Кыргызстанда орточо айлык температурасы
Бул айда өлкө боюнча абанын температурасы климаттык нормадан бир градус жогору болору айтылды. Ал эми жаан-чачындын нормасы Ысык-Көл облусунан (адаттагыдан көбүрөөк) башка аймактарда норманын чегинде болмокчу.
© Фото / Кыргызгидромет2021-жылдын май айындагы Кыргызстанда орточо айлык жаан-чачыны
Среднемесячное количество осадков по Кыргызстану в мае 2021 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
2021-жылдын май айындагы Кыргызстанда орточо айлык жаан-чачыны

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормада болуп, +16…+18 градус жылуу болору күтүлүп жатат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +2...+7 градустан 10…15 градус жылуулукка чейин, күндүз 15…20дан 25…30га чейин жылуу болот.
Кемин өрөөнүндө жана тоолуу райондордо түнкүсүн +3...+8, күндүз +12…+17ден +21…+26га чейин жетет.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы +15…+17 градус болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +2...+7 градустан 8…13 градуска чейин, күндүз 14…19дан 24…29га чейин жылуу болот.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы +18…+20 градус, тоо этектеринде +14…+16 градус болору күтүлүп жатат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +6...11 градустан 12…17 градус жылуулукка чейин, күндүз 17…22ден 27…32ге чейин жылуу болот.
Тоо этектерине жакын аймактарда түнкүсүн +3…+8ден +10…+15ке чейин, күндүз +15…+20дан +25…+30га чейин.

Жалал-Абад облусу

Боом капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Боомдо таш кулатылып, жол жабылат. График

Абанын айлык орточо температурасы +18…+20, тоо этектеринде +14…+16 градус болмокчу.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +6…+11ден +12…+17 градуска чейин, күндүз 14…19дан 24…29га чейин жылуу болот.
Токтогул районунда абанын табы түнкүсүн +5…+10дон +11…+16га чейин, күндүз +17…+22ден +24…+29 грудска чейин көтөрүлөт.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы +18…+20, тоо электеринде +14…+16 градус болмокчу.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +6…+11ден +12…+17 градуска чейин, күндүз 17…22ден 27…32ге чейин жылуу болору божомолдонууда.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы +11…+13 градус болмокчу.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +1…+6дан +7…+12 градуска чейин, күндүз 11…16дан 19…24кө чейин жылуу болот.
Айрым күндөрү Көл өрөөнүндө түнкүсүн үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Абанын табы -1...-3 градуска чейин түшөт.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы +12…+14 градус жылуу болору күтүлүп жатат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8 градуска чейин, күндүз +12…+17ден +20…+25 градуска чейин жылуу болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0