Жаан-чачындуу болот. Келерки аптанын аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековНаступление весны в Бишкеке
Наступление весны в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2021
Жазылуу
Жуманын биринчи бөлүгүндө өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болору күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, борбор калаа Бишкекте дүйшөмбүдө күн ачык болуп, шейшемби жана шаршемби күндөрү жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 18-апрелде жана 20-апрелде күндүз 14 метрге чейин жетиши күтүлүүдө.

Чүй облусу

19-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Мындай аба ырайы 22-апрелге чейин созулат. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 18, 20 жана 21-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Талас облусу

18-апрелден 21-апрелге чейин кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө.
22-апрелде күн ачылат. Анткен менен бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүгүндө бул апта жаан-чачындуу болот. Айрым жерлеринде күндүз күн ачык болгону менен тоолуу райондордо жана тоо этектерине кар түшөт.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 18, 20 жана 21-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Ысык-Көл, Нарын облустары

Нарын менен Ысык-Көлдө 18-апрель күнү жаан жаабайт. Калган күндөрү башка аймактар сыяктуу эле маал-маалы менен жамгыр, тоолуу аймактарда кар түшөрү божомолдонууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0