Сирень гүлү. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

66
20-апрелге караган түнү аба ырайынын кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы болжолдонду. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Шейшембиде күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +20…+22, Таласта +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +19…+24, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градус жылыйт.

Күндүн табы борбордо +20…+22, Ош шаарында +21…+23 градусту көрсөтөт.

66
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жаан-чачындуу болот. Келерки аптанын аба ырайы
Люди на праздничном айт-намазе, который прошел на Старой площади в Бишкеке

Айт намаздын Бишкекте окулушу боюнча мэрия пикирин билдирди

0
Учурда эпидемиологиялык абал учурда кыйын болуп турат, андыктан жума намазды да мечиттерде чогулуп окууга тыюу салуу сунушу бар.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкектин мэриясы борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам айт намаздын Эски аянтта окулушун чектөөнү сунуштады. Бул туурасында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымына караганда, эпидемиологиялык абал учурда кыйын болуп турат, андыктан жума намазды да мечиттерде чогулуп окууга тыюу салуу сунушу бар. Рыскулбекова жалпысынан эле эл көп санда чогулган иш-чараларга абал турукташмайын чектөө коюу керектигин билдирди. Акыркы статистиканы эске салсак, Бишкекте 195 адамдан коронавирус чыкты.

Буга чейин муфтият Орозо айт 13-майга туш келерин айтып, адаттагыдай айт намаздын Эски аянттан окулар-окулбасын так билдирген эмес.

Теги: Бишкек айт намаз мэрия коронавирус

Инжект: https://sputnik.kg/society/20210423/1052236536/namaz-daavat-ooz-achuu-toktotuu-sunushtaldy.html

0
Кыздар футболунан Кыргызстандын улуттук командасынын дарбазачысы Айчүрөк Толонова

Футбол боюнча улуттук команданын дарбазачысы Айчүрөк беларустук "Неманга" өттү

2
(жаңыланган 10:54 10.05.2021)
Клуб спортчу менен  2022-жылдын ноябрына чейин келишим түздү. Айчүрөк кечээтен тарта жаңы командасы менен машыгууга киришкен.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыздар футболунан Кыргызстандын улуттук командасынын дарбазачысы Айчүрөк Толонова Беларустун "Неман" клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Маалыматка ылайык, клуб футболчу менен 2022-жылдын ноябрына чейин келишим түздү.  Айчүрөк кечээтен тарта жаңы команда менен машыгууга киришкен.

"Толонова Кыргызстандын улуттук курмама командасынын ар кандай жаш курактагы топторунда ойногон. 2018-жылы алгачкы жолу өлкөнүн жаштар курама командасынын дарбазасын коргоп чыккан. 2018-жылы өлкөнүн мыкты дарбазачысы наамына татыган", — деп айтылат маалыматта.

2019-жылы кыргызстандык футболчу кыз Казакстандын СДЮСШОР №8 балдар спорттук мектебинин олипиадалык резевдер командасында ойноп, чемпионатта үчүнчү орунга жетишкен.

2
Белгилер:
дарбазачы, Кыргызстан, Беларусь, трансфер, футболчу
Тема боюнча
"Кыргызстандык Месси" алматылык клуб менен келишимин узартты