Жамгыр. Архив

Түштүк аймакта сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

170
(жаңыланган 10:52 20.04.2021)
Ошондой эле үшүк да жүрүп, ал жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч келтирери эскертилди.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жакынкы күндөрү жаан-чачын нөшөрлөп жаап, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ага ылайык, 20-апрелден 24-апрелге чейин аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Кар көчкү түшүшү ыктымал деген аймактар:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 132-137-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу);
  • Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
  • Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 71-75-чакырымы (Чапчыма ашуусу);
  • Кара-Кысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу;
  • Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 74-76, 86-880-чакырымы;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт автоунаа жолунун 295-300-чакырымы (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);
  • Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там автоунаа жолунун 161-179-чакырымы (Талдык ашуусу);
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымы (Чоң-Ашуу ашуусу).

Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл экени эскертилди.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Ошондой эле үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч келтирери айтылды.

170
Белгилер:
шашылыш билдирүү, үшүк, жаан-чачын, кар, сел, ӨКМ
Тема боюнча
Жайдагыдай ысыйт! Май айына карата аба ырайы
Кумтөр алтын кени. Архив

Сот "Кумтөр" компаниясын мамлекетке 262 млрд. сом төлөөгө милдеттендирди

78
(жаңыланган 00:20 08.05.2021)
Жергиликтүү тургундар чет өлкөлүк компания экологияга зыян келтирди деген доомат менен сотко кайрылган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Сот "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын Кумтөр кенин иштетүүдөн чыккан калдыктарды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө жыйып келгенин мыйзамсыз деп тапкан. Дээрлик 262 миллиард сомго жеткен негизги суммадан тышкары сот компаниядан 1 миллиард 308 миллион 653 миң 370 сом мамлекеттик алым өндүрүүнү чечкен.

Маалыматта ишкананын үстүнөн сотко Ысык-Көлдүн тургундары арызданганы айтылат. Жергиликтүү жашоочулар "Кумтөр Голд Компани" Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузду деп даттанган. Мөңгүлөргө чыгарылган 1 миллиард 200 миллион тонна калдыктан 183 миллион куб муз талкаланганы белгиленди.

Доого жыгылган тарап 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрылса болот.

78
Белгилер:
токтом, чечим, сот, айып, компания, Кумтөр
Тема боюнча
"Кумтөрдү" Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия текшермей болду
Үч милдет бар. Президент Жапаров экономика кандай реформаланарын айтты
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кыргыз аскер кызматкери

Лейлекте чек арада жүргөн тажик аскерлери боюнча милиция түшүндүрмө берди

405
(жаңыланган 00:11 08.05.2021)
Милициянын айтымында, бул маалыматтар тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам текшерилген. Кырдаал туруктуу. Күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Лейлек районунун Арка айылына тажик чек ара аскерлери келди деген маалымат боюнча облустук милиция билдирүү таратты.

Бүгүн түштөн кийин социалдык тармактарда “Арка айылына тажик аскерлери кайра келе баштады...” деген видеолор тараган. Анда чек арага жакын жерде автомат асынган эки аскер турганын көрүүгө болот.

Милициянын айтымында, бул маалыматтар тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам текшерилген.

“Бүгүн мамлекеттик чек ара аймагынын Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка-1 аймагында тажик тарап чек ара кезметин коюуга аракет кылган. Кыргызстандын чек арачылары тез арада буга чара көрүп, мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында чек ара кезметин алуу талабын койгон. Тажик тарап ошол эле замат бул талапты аткарган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Саат 23.15ке карата берилген маалымат боюнча, Лейлек районунун Арка, Достук, Борбордук, Жаштык, Максат, Интернационал, Саада, Кулунду, Эски-Оочу айылдарында коомдук жана ыкчам кырдаал туруктуу. Коомдук коопсуздук ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Милиция тараткан маалыматта, азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында ар бир мамлекеттик органдар өз милдеттеринин алкагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатканы айтылды.

405
Белгилер:
Дамира Юсупова, кыргыз-тажик чек арасы, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Лейлектеги бир катар жолдорду оңдоо жана куруу иштери башталды
Ташиев: бир дагы метр жерибизди бербейбиз, Ворухка коридор ачылбайт