Суук болот. Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан аял. Архив
Көчөдө бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
22-апрелге караган түнү суук болуп, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +12…+17, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +3…+8 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +8…+10, Ош шаарында +15…+17 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0