Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт

Жума күнүнө карата аба ырайы

1192
23-апрелге караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.

1192
Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр
Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Баткен облусунда иш сапары менен

Кыргызстан Тажикстандын ИИМи менен кайгуул күзөттөрүн уюштурууну сүйлөштү

27
(жаңыланган 09:55 10.05.2021)
ИИМ башчысы кечээ Баткенге барган. Тажикстандык кесиптештери менен чек арага чектеш аймактарда абалды турукташтыруу жана коомдук тартипти жөнгө салууну сүйлөшүштү.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Баткен облустук милициясынын начальниги Мурат Боронов Тажикстандын Согди облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Абдулло Навджувонов менен Исфара ШИИБдин башчысы Фердаус Шамадзаде менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

  • Министр внутренних дел Улан Ниязбеков с рабочей поездкой посетил Баткенскую область. 09 мая 2021 года
    Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Баткен облустук милициясынын начальниги Мурат Боронов Тажикстандын Согди облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Абдулло Навджувонов менен Исфара ШИИБдин башчысы Фердаус Шамадзаде менен жолукту
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Министр внутренних дел Улан Ниязбеков с рабочей поездкой посетил Баткенскую область. 09 мая 2021 года
    Жолугушуу 9-майда Баткен облусунун аймагында өтүп, министр ошол жакка барган
    © Фото / пресс-служба МВД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МВД КР
Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Баткен облустук милициясынын начальниги Мурат Боронов Тажикстандын Согди облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Абдулло Навджувонов менен Исфара ШИИБдин башчысы Фердаус Шамадзаде менен жолукту

Жолугушуу 9-майда Баткен облусунун аймагында өтүп, министр ошол жакка барган.

"Анын жүрүшүндө жарандардын коопсуздугун сактоодо кыргыз жана тажик милициясынан турган кайгуул күзөттөрүн уюштуруу сүйлөшүлдү. Ошондой эле чек арага чектеш аймактарда абалды турукташтыруу, коомдук тартипти жөнгө салуу, аны биргелешип сактоо, тартип бузууларга жол бербөө сүйлөшүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Баткенде абал туруктуу экени белгиленди. 52 ыкчам-тергөө тобу талкаланган жайларды карап чыгууну аяктап, келтирилген чыгымдардын эсебин тактоого киришкен.

Ошондой эле министр Улан Ниязбеков ИИМдин ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу менен таанышып, "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайына барган. Чек ара чырынан жабыркаган айылдардагы жашоочулар жана милиционерлер менен да жолуккан.

27
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, коопсуздук, Улан Ниязбеков, ИИМ, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Чек ара чырынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө 36 турак жай салына баштады
Окуучу кезде өзүм каччумун, азыр 8 балам менен качып жүрөм. "Чек арачы" эненин муңу

Бишкекте Жеңиш майрамы кандай белгиленди. Иш-чаралардан 15 ирмем

121
(жаңыланган 22:35 09.05.2021)
  • Борбор калаада 9-май күнү Жеңиш автожүрүшү өттү
  • Автожүрүш коронавирустан улам токтотулган Өлбөс полктун коопсуз альтернативасы болуп калды
  • КР Улуттук гвардиясынын жоокерлери Улуу Жеңиштин 76 жылдыгын белгилөө учурунда
  • Аскер формасын кийген кыз
  • Автожүрүшкө 100гө чукул унаа катышты
  • Катышуучулар жүрүштү шаардын чок ортосунан баштап, Семетей, 2а (борбордун түштүк бөлүгү) дарегинен жыйынтыкташты
  • Автожүрүштүн алдында жуптар бийге түштү
  • Ретроавтого кызыгып караган бала
  • Коронавирустан улам Өлбөс полк жүрүшүнө тыюу салынганына карабастан жүрүш баары бир болду
  • 50гө жакын адам ардагерлердин сүрөтүн көтөрүп Түштүк дарбазадан Өчпөс отко чейин Байтик баатыр көчөсүндөгү тротуар менен басып келишти
  • Автожүрүштүн катышуучулары желектерди желбирете көчөлөрдү аралашты
  • Автожүрүш Чоң-Арык айылынан аяктады
  • Өлбөс полктун жүрүшү быйыл өзгөчө форматта өтүп, ардагерлердин сүрөттөрү LED-экрандарга жайгаштырылды
  • Эртең менен Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко президент Садыр Жапаров гүл койду
  • Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы, Жогорку соттун төрайымы, президенттин аппаратынын жетекчиси жана экс-президенттер катышты
Бишкекте Жеңиш күнү белгиленди. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн түрдүү иш-чаралардын ирмемдерин көрүңүз.

Борбор калаада 9-май күнү "Жеңиш" аталышындагы автожүрүш болду. Бул иш-чара коронавирустан улам токтотулган "Өлбөс полк" жүрүшүнүн коопсуз альтернативасы болуп калды. Себеби жарандар өз унааларынын ичинде болушту. 100гө чукул автоунаа шаардын чок ортосунан баштап Чоң-Арык айылына чейин барышты.

Эртең менен Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко президент Садыр Жапаров гүл койду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы, Жогорку соттун төрайымы, президенттин аппаратынын жетекчиси жана экс-президенттер катышты.

Коронавирустан улам "Өлбөс полкко" тыюу салынганына карабастан жүрүш баары бир болду. 50гө жакын адам ардагерлердин сүрөтүн көтөрүп Түштүк дарбазадан Өчпөс отко чейин Байтик баатыр көчөсүндөгү тротуар менен басып келишти.

 

121
  • Борбор калаада 9-май күнү Жеңиш автожүрүшү өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Борбор калаада 9-май күнү "Жеңиш" автожүрүшү өттү

  • Автожүрүш коронавирустан улам токтотулган Өлбөс полктун коопсуз альтернативасы болуп калды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Автожүрүш коронавирустан улам токтотулган "Өлбөс полктун" коопсуз альтернативасы болуп калды

  • КР Улуттук гвардиясынын жоокерлери Улуу Жеңиштин 76 жылдыгын белгилөө учурунда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    КР Улуттук гвардиясынын жоокерлери Улуу Жеңиштин 76 жылдыгын белгилөө учурунда

  • Аскер формасын кийген кыз
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аскер формасын кийген кыз

  • Автожүрүшкө 100гө чукул унаа катышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Автожүрүшкө 100гө чукул унаа катышты

  • Катышуучулар жүрүштү шаардын чок ортосунан баштап, Семетей, 2а (борбордун түштүк бөлүгү) дарегинен жыйынтыкташты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Катышуучулар жүрүштү шаардын чок ортосунан баштап, Семетей, 2а (борбордун түштүк бөлүгү) дарегинен жыйынтыкташты

  • Автожүрүштүн алдында жуптар бийге түштү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Автожүрүштүн алдында жуптар бийге түштү

  • Ретроавтого кызыгып караган бала
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ретроавтого кызыгып караган бала

  • Коронавирустан улам Өлбөс полк жүрүшүнө тыюу салынганына карабастан жүрүш баары бир болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Коронавирустан улам "Өлбөс полк" жүрүшүнө тыюу салынганына карабастан жүрүш баары бир болду

  • 50гө жакын адам ардагерлердин сүрөтүн көтөрүп Түштүк дарбазадан Өчпөс отко чейин Байтик баатыр көчөсүндөгү тротуар менен басып келишти
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    50гө жакын адам ардагерлердин сүрөтүн көтөрүп Түштүк дарбазадан Өчпөс отко чейин Байтик баатыр көчөсүндөгү тротуар менен басып келишти

  • Автожүрүштүн катышуучулары желектерди желбирете көчөлөрдү аралашты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Автожүрүштүн катышуучулары желектерди желбирете көчөлөрдү аралашты

  • Автожүрүш Чоң-Арык айылынан аяктады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Автожүрүш Чоң-Арык айылынан аяктады

  • Өлбөс полктун жүрүшү быйыл өзгөчө форматта өтүп, ардагерлердин сүрөттөрү LED-экрандарга жайгаштырылды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Өлбөс полктун" жүрүшү быйыл өзгөчө форматта өтүп, ардагерлердин сүрөттөрү LED-экрандарга жайгаштырылды

  • Эртең менен Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко президент Садыр Жапаров гүл койду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Эртең менен Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко президент Садыр Жапаров гүл койду

  • Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы, Жогорку соттун төрайымы, президенттин аппаратынын жетекчиси жана экс-президенттер катышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы, Жогорку соттун төрайымы, президенттин аппаратынын жетекчиси жана экс-президенттер катышты

Белгилер:
сүрөт, Улуу Жеңиш, Бишкек
Тема боюнча
Бүгүн Жеңиш майрамына байланыштуу салют атылбайт
Бишкекте "Өлбөс полктун" чакан жүрүшү болду. Сүрөт, видео

Тамак талашып... Бактын башынан кулаган арстан менен кабыландын видеосу

0
(жаңыланган 10:03 10.05.2021)
Бактын башында олжо талашып урушкан кабылан менен арстанды көтөрө албай, бутак сынып кеткен. Окуя Түштүк Африкадагы Крюгер паркында болгон.

Видеонун авторунун айтымында, ургаачы арстан бактын башында жүргөн кабыландын олжосуна кызыгып, эринбей чыгып барган. Тапкан тамагын кызганган берки жырткыч айбат кылып, экөө ошол жерден чапчылашып, уруша кеткен.

Эки ири жырткычтын салмагын көтөрө албаган бутак жоон болгону менен сынып кетип, эки жаныбар жерге күү менен түшкөн. Бак-шак, сынган бутактын арасынан эптеп суурулуп чыккан кабылан артын карабай качкан. Видеодон анын катуу чочуп калганын байкоого болот.

Ал эми арстан эки жагын каранып, ошол жерде турганы менен видео аяктаган.

Маалыматта бир чети таңгалдырып, бир чети күлкүнү келтирген бул окуянын Лондолоза деп аталган аймакта болгону жазылган.

0
Белгилер:
олжо, кабылан, арстан, Түштүк Африка Республикасы
Тема боюнча
Тумшугуна эч нерсе илинбей. Олжосунан ажыраган арстандын видеосу