Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЖазгы талаа иштери. Архив
Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
23-24-апрелде жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. 24-апрель, ишембиде республика боюнча жамгыр жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл жана Нарында +9...+14 градус жылуу болот.
Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада +18...+20, Ошто +20...+22 градусту көрсөтүп турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0