Бишкектин Эркиндик проспектинде иилип турган сүрөт. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

579
Дүйшөмбүгө караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. 26-мартта күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +20...+25, Таласта +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, ал эми Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +14...+19 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +23...+25, Ошто +26...+28 градуска көтөрүлөт.

579
Белгилер:
Кыргызстан, Апрель окуялары, аба ырайы
Тема боюнча
Аптаптуу ысык болот. Бир жумага карата аба ырайы
Баткен облусундагы Ак-Сай айылы. Архив

Чек арадагы Аксай менен Ворух айылдарына милициянын посттору коюлду

7
(жаңыланган 10:27 18.05.2021)
Эртең мененки жетиден тартып автоунаалар Ходжаи-Аъло — Ворух жана Ак-Сай — Тамдык багыты боюнча жүрүп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Баткендин Аксай жана Тажикстандын Ворух айылдарынын чек араларына эки тараптан тең милициянын посттору коюлду. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады.

Бүгүн эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү жолугуп, буга чейинки макулдашуулардын аткарылышын талкуулашты.

Маалыматка ылайык, саат 07:30дан баштап автоунаалар Ходжаи-Аъло — Ворух жана Ак-Сай — Тамдык багыты боюнча жүрүп атат. Мындан сырткары, тараптар саат 08:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасында биргелешкен күзөттөрдү уюштурууда.

Кечээ, 17-майда, укук коргоо органдары Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында транзиттик жолдон өтүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн үч тажикстандыкты кармаган. Териштирүүдө алардын бири Тажикстандын УКМКсынын кызматкери, экинчиси Чек ара күчтөрүнүн аскер кызматкери экендиги аныкталган. Ошол эле учурда Баткендин Ворух анклавы аркылуу Ак-Сай айылына бара жаткан кыргызстандык үч кишини коңшу өлкөнүн 30-40 адамдан турган тобу кармап, сабап салган. Эки тараптын тиешелүү жактарынын сүйлөшүүсү менен кармалгандар бошотулуп, абал турукташкан.

7
Белгилер:
пост, милиция, чек ара, Баткен, Кыргызстан, Тажикстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Кыргыз-тажик чек арасында эки тарап тең кишилерди барымтага алып, кайра бошотту
Кыргыз-тажик чек арасында чырды ким баштаганын космостон тартылган сүрөт көрсөтөт
Жалал-Абад шаары. Архив

Жалал-Абадда 25 жыл мурун менчикке берилген жер мамлекетке кайтарылды

7
(жаңыланган 10:18 18.05.2021)
Шаардык прокуратура жүргүзгөн териштирүүнүн жүрүшүндө, жер тилке ишкерлер ассоциациясына берилип кеткендиги аныкталган.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жалал-Абад шаардык мэрия тарабынан мындан 25 жыл мурун менчикке берилип кеткен төрт гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Шаардык прокуратура териштирүү жүргүзүп, жер тилке 1996-жылдын 22-августунда "А" аталышындагы ишкерлер ассоциациясына автосервис куруу үчүн берилип кеткендигин аныктаган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн буйрукту жараксыз деп табуу жөнүндөгү шаардык прокуратуранын доо арызы бардык соттук инстанциялар тарабынан канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жогорудагы жер тилке Жалал-Абад шаардык мэриянын балансына өткөрүлгөн. Жер тилкенин баасы 98 миллион 160 миң сомду түзөт.

7
Белгилер:
Жалал-Абад, прокуратура, сот, жер, чечим, менчиктештирүү
Тема боюнча
Прокуратура: Таластагы жайыт, Нарындагы жер тилке мамлекетке кайтарылды

Баары бир күчтүү экен. Арстан менен крокодилдин суу ичинде кармашкан видеосу

0
(жаңыланган 10:29 18.05.2021)
Ботсванадагы жаратылыш парктарынын биринде туристтер крокодил менен арстандын кармашына күбө болгон.

Эки арстан суу ичип, андан соң көлмөнүн ичинде сүзүп жүргөндө аларга алыстан байкоо салган башка жырткыч кол салууну чечкен. Видеодон жаныбарлар падышасынын кичүүсү алдыда, чоңураагы артта сууда кетип бара жатканын, ал эми бир нече метр аралыкта крокодил байкатпай сүзүп келгенин көрүүгө болот.

Жакындаганда илгиртпей тиштеп, көлмөнүн түбүн көздөй тартканы менен арстан күрүлдөгөн тейде кол салып, кичүүсүн сактап калган. Ал эми өзү крокодил менен алышып, суу алдында калган. Туристтер буга тынчсыздангандыгын, бирок бир нече убакыттан кийин окуя болгон жерден алысыраак аралыктан арстандын суудан чыкканын жазышкан.

0
Белгилер:
кармаш, турист, крокодил, арстан, жаратылыш
Тема боюнча
Аягына чейин турду. Крокодилдин оозунан суурулуп чыккан антилопанын видеосу