Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
1-майга караган түнү күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +17…+22, Таласта +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көлдө +14…+19, Нарын өрөөнүндө +16…+21 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +20…+22, Ош шаарында +25…+27 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0