Адаттагыдан ысык болот! Май айына карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКүндөн калкаланып жаткан кыз. Архив
Күндөн калкаланып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Синоптиктер май айында Кыргызстан боюнча абанын температурасы климаттык нормадан бир градус жогору болорун айтышты.
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Кыргызгидромет май айына карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Жаңырган айда республика боюнча абанын температурасы климаттык нормадан бир градус жогору болору айтылды. Ал эми жаан-чачындын нормасы Ысык-Көл облусунан (адаттагыдан көбүрөөк) башка аймактарда норманын чегинде болот.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормада болуп, +16…+18 градус жылуу болору күтүлүп жатат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +2...+7 градустан 10…15 градус жылуулукка чейин, күндүз 15…20дан 25…30га чейин жылуу болот.
Кемин өрөөнүндө жана тоолуу райондордо түнкүсүн +3...+8, күндүз +12…+17ден +21…+26га чейин жетет.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы +15…+17 градус болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +2...+7 градустан 8…13 градуска чейин, күндүз 14…19дан 24…29га чейин жылыйт.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы +18…+20 градус, тоо этектеринде +14…+16 градус болору күтүлүп жатат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +6...+11 градустан 12…17 градус жылуулукка чейин, күндүз 17…22ден 27…32ге чейин жылуу болот.
Тоо этектерине жакын аймактарда түнкүсүн +3…+8ден +10…+15ке чейин, күндүз +15…+20дан +25…+30га чейин жылыйт.

Жалал-Абад облусу

Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр

Абанын айлык орточо температурасы +18…+20, тоо этектеринде +14…+16 градус болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +6…+11ден +12…+17 градуска чейин, күндүз 14…19дан 24…29га чейин жылуу болот.
Токтогул районунда абанын табы түнкүсүн +5…+10дон +11…+16га чейин, күндүз +17…+22ден +24…+29 градуска чейин көтөрүлөт.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы +18…+20, тоо этектеринде +14…+16 градуска жетет.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +6…+11ден +12…+17 градуска чейин, күндүз 17…22ден 27…32ге чейин жылуу болору божомолдонууда.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы +11…+13 градус болмокчу.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +1…+6дан +7…+12 градуска чейин, күндүз 11…16дан 19…24кө чейин жылуу болот.
Айрым күндөрү Көл өрөөнүндө түнкүсүн үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Абанын табы -1...-3 градуска чейин түшөт.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы +12…+14 градус жылуу болору күтүлүп жатат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8 градуска чейин, күндүз +12…+17ден +20…+25 градуска чейин жылуу болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0