Аза күтүү күнүдө түшүрүлгөн желек. Архив

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

254
(жаңыланган 10:21 01.05.2021)
Маалыматта чек ара чырынан тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө мүлктүк зыян келтирилгени белгиленди.

БИШКЕК, 1-май. – Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 1-2-май күндөрү Кыргызстанда жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

2021-жылдын 29-30-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлер арасында дагы көптөгөн курмандыктар жана жаракат алгандар болду. Куралдуу кагылышуу ошондой эле тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө мүлктүк зыян келтиргени белгиленди.

Курман болгондорго терең кайгыруу менен алардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен төмөндөгүдөй токтом кабыл алынды:

  • 2021-жылдын 1 жана 2-май күндөрү Кыргызстанда улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялансын;
  • улуттук аза күтүү күндөрүндө өлкө боюнча, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын мамлекеттик туулары түшүрүлсүн;
  • улуттук аза күтүү күндөрүндө маданий мекемелерге жана телерадиокомпанияларга көңүл ачуучу программаларды өткөрбөө жана берүүлөрдү бербөө сунушталсын;
    Кыргызстандын өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.
254
Белгилер:
Садыр Жапаров, аза күтүү күнү, президент, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (250)
Тема боюнча
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады
Баткенде абал турукташууда, Төрт-Көчө жолу ачылды. Соңку маалымат
Бишкектен Баткенге 100 тонна гумжардам жөнөтүлөт. Видео
Жүк ташуучу унаалар. Архив

Милиция: Баткенде кармалган Тажикстандын 3 фурасы кыргыздардыкына алмаштырылат

404
(жаңыланган 23:12 11.05.2021)
Үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздук үчүн милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Баткен облусунун кире бериш аймагынан токтотулган Тажикстандын жүк ташып бара жаткан унаалары милиция тарабынан кармалып турган. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

“Бүгүн, 11-майда, кармалган фураларды Баткен ОИИБдин унаа токтотуучу жайына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алып келе жаткан. Кыргыз жарандарынын жети фурасы Тажикстанда кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жүк ташуучу унаалар алмаштырылат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Тажикстандын жүк ташуучу унааларын Кыргызстандын укук коргоо органдары коштоп чек арадан өткөрүүгө аракет кылган деген видео тараган.

404
Белгилер:
милиция, Тажикстан, алмашуу, фура, Баткен
Тема боюнча
УКМК Тажикстанга Баткен аркылуу бензин ташылууда деген маалыматты четке какты
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды
Добуш берип жаткан шайлоочу. Архив

БШК Ош шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Себеби

612
(жаңыланган 21:44 11.05.2021)
Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова президент Садыр Жапаровдон кайра шайлоо дайындоону сурады.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы массалык мыйзам бузуулар катталганын жүйө келтирип, Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.

Мындай чечим бүгүн БШКнын жыйынында кабыл алынды. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова президент Садыр Жапаровдон кайра шайлоо дайындоону өтүндү.

Ал шайлоо маалында кызмат адамдары добуш берүү процессине кийлигишкени, административдик ресурс колдонулганы, үгүт иштеринде, добуш берүү учурунда, имараттан сырткары добуш берүүдө мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.

“Мунун баары жарандардын эркин добуш берүүсүнө көзгө урунарлык таасир этет, добуш берүүнүн жыйынтыгын так аныктоону кыйындатат. Ошондой эле шайлоо процессинин негиздерине жана добуш берүү укугунун принциптерине каршы келет. Мындай мыйзам бузуулар көп санда катталгандыктан шайлоого болгон ишенимди ажыратат”, — деди Шайлдабекова. 

Буга байланыштуу БШК Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу боюнча токтом чыгарды. Ага ылайык, кимдин иш-аракети жыйынтыкты жокко чыгарууга түрткү болсо, ошол талапкер кайра шайлоого катыша албайт.

Мындан сырткары, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин кароо чечими чыккан.

11-апрелде өткөн шайлоодо Ош шаардык кеңешине төрт партия утуп чыккан.

АСУнун жыйынтыгы боюнча мандат төмөнкүдөй бөлүштүрүлмөк:

  • "Ата-Журт Кыргызстан" — 48,68 пайыз (27 мандат);
  • "Улуттар биримдиги" — 17,52 пайыз (12 мандат);
  • "Ыйман нуру" — 8,11 пайыз (4-5 мандат);
  • "Ынтымак" — 7,02 пайыз (3-4 мандат). 
612
Белгилер:
жокко чыгаруу, жыйынтык, шайлоо, шаардык кеңеш, Ош
Тема:
Жергиликтүү кеңештерди шайлоо
Тема боюнча
Экс-депутат, мэрия кызматкерлери жүрөт. Ош шаардык кеңешине кимдер баратат