Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
1-майдан 3-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүнү. 
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. 2-майга караган түнү жана күндүз өлкө боюнча өрөөндөрдө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас аймагында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27...+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Ал эми Ысык-Көл облусунда +18...+23 градуска жетсе, Нарында күндүн табы +19...+24 градусту көрсөтүп турат.
Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Борбор калаада +26...+28, Ошто +30...+32 градус ысык болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0