8-майга чейин аба ырайына божомол

© Sputnik / Яна Кроилова / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Жазылуу
Апта ичинде аба ырайы өзгөрүлмөлүү боло турганы айтылды. Жуманын биринчи жарымында көпчүлүк облустарда жаан жаабайт.
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, борбор калаада аптанын биринчи жарымына чейин күн ачык болуп, 6-майда тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонду.
2-5-майга чейин жана 6-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. 6-майда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбой турганы айтылды.
Күндөн калкаланып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Адаттагыдан ысык болот! Май айына карата аба ырайы
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Ысык-Көлдө 2-майда жаан жаабайт. 3-майда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган күндөрү 4-6-майга чейин күн ачык болору божомолдонду. Ал эми Нарында 2-майда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүү мүмкүн. 3-майдан баштап Нарын облусунда күндүн көзү ачылары айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 7-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарына жаан жааса, 8-майда күн кайра ачылары божомолдонду.
Жаңылыктар түрмөгү
0