Жамгыр учурунда көчөдө бараткан коммуналдык кызматкер. Архив

Шашылыш билдирүү: жакынкы күндөрү сел жүрүп, көчкү түшүшү мүмкүн

154
(жаңыланган 17:03 04.05.2021)
Бишкек-Ош жана тоолуу аймактардагы жолго чыккандарга автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сөзсүз сактоо керектиги айтылды.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Алдыдагы үч күндө жана бүгүн күндүн ысышынан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.

"4-5-майда температуранын жогорулашына байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү жана коркунучтуу ченемге жакындап, ашып да кетиши мүмкүн. 6-7-майда күндүн ысышына жана күтүлгөн нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар", — деген билдирүү таратты Кыргызгидромет.

Андан сырткары, күндүн ысыгынан улам кар көчкү түшүү кооптуулугу да жаралган.

4-6-майда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош жолунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Мындай кооптуулук Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров автоунаа жолундагы Кара-Кысмак капчыгайында, Кара-Буура ашуусунда, Каракол — Эңилчек жолундагы Чоң-Ашууда да бар.

Маалыматта автоунаалар жүрүп бара жатканда ортосундагы 500 метр аралык сөзсүз сакталыш зарылдыгы эскертилген.

154
Белгилер:
көчкү, сел, эскертүү, шашылыш билдирүү, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте фонтандардын сезону ачылды. Сүрөт
На месте пожара в большегрузной машине на 219-м км автодороги Бишкек — Ош

Токтогулда Volvo унаасы өрттөнүп, чиркегичиндеги ун жарабай калды. Сүрөт

2
Оор жүк ташуучу унаанын чиркегичинин каркасы эле калган, жерде өрттөнгөндөн калган ун чачылып жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Токтогул районунда ун ташып бара жаткан автоунаадан өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя Бишкек — Ош унаа жолунун 219-чакырымында болгон. Анда Volvo оор жүк ташуучу унаанын чиркегичи толугу менен күйүп, жүктөп келе жаткан уну жарабай калган.

ӨКМ тараткан сүрөттөн чиркегичтин каркасы эле калганын, жерде өрттөнгөндөн калган ун чачылып жатканын көрүүгө болот.

Өрттүн себеби такталууда.

2
Белгилер:
ун, өрт, жол, унаа, Токтогул, ӨКМ
Тема боюнча
Кабинанын темири эле калган. Сузакта май ташыган автоунаа өрттөндү. Видео
Унаа жолу. Архив

Кыргызстан менен Өзбекстан транспорттук байланышын күчөтөт

9
(жаңыланган 10:52 18.05.2021)
Эки өлкөнүн делегациялары транспорттук байланышын бекемдөө үчүн Ош — Сары-Таш — Эркечтам коридорун бойлой изилдөө иштерин жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан Кашгар — Эркечтам — Ош — Анжиян — Ташкент аркылуу өткөн мультимодалдык транспорт коридорун рационалдуу пайдалануу жолун издей баштады. Бул үчүн коңшу өлкөнүн транспорт министри Ильхом Махкамов менен анын кыргызстандык кесиптеши Гүлмира Абдралиева жолугуп сүйлөшкөнүн Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Учурда эки өлкөнүн делегациялары Кыргызстан менен Өзбекстандын транспорттук байланышын бекемдөө үчүн Ош — Сары-Таш — Эркечтам коридорун бойлой изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Мунун алкагында адистер "Эркечтам" өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн көрүп чыкты. Мындан тышкары, алар Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларына барышты.

Белгилей кетсек, бир нече жылдан бери пландалып, бирок ишке ашпай жаткан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу дагы дал ушул Кашкар — Эркечтам — Ош — Анжиян — Ташкент багыты боюнча өтөт.

9
Белгилер:
жол, транспорт, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
23 жыл мурдагы демилге. Өзбекстан быйыл Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө аракет кылат