Бутылкадан суу ичип жаткан кыз. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

563
24-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолордо кар жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өрөөндөрдө күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Таласта +27...+32, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +21...+26 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ошто +31...+33 градуска жетсе, борбор калаада +30...+32 градуска чейин көтөрүлөт.

563
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Аптаптуу ысык башталбайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Министр сельского, водного хозяйства и развития регионов Аскарбек Джаныбеков на брифинге  в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.

Министр: Орто-Токой суу сактагычындагы суу бир айга гана жетет

0
(жаңыланган 23:34 17.06.2021)
Министр Орто-Токой суу сактагычында 224 миң куб суу калганын айтып, сууну эл өзүм билемдикке салып колдонбошу керектигин эскертти.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Эгер суунун чыгымы азыркыдай көп болсо, анда 15-20-июлда Орто-Токой суу сактагычында суу калбай калат. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.  

"Орто-Токой суу сактагычында 224 миң куб суу калганын айтып коюшум керек. Эгер биз аны азыркыдай иштетсек, 15-20-июлда ал жакта суу жок калат. Суу сактагыч беш дарыядан барган суу менен толот. Быйыл нормадан 50 пайызы гана келип жатат. Кырдаалдан чыгуунун бир эле жолу бар. Ал график боюнча кезектешип сугаруу жана скважинаны иштетүү", — деди министр.  

Аткаминер эл сууну өзүм билемдикке салып бөлүштүрбөшү керектигин эскертип, суу  чарбасы бөлүштүргөн графиктин негизинде иш алып барышы керектигин белгиледи.  

"Эгер суу бөлүштүрүү боюнча график сакталса, суу баарына жетет. Суу ресурстары боюнча агенттикте 4 600 адам иштейт. Көбүнүн айлыгы 4600-4800 сом. Ага карабай бул адамдар каналда күнү-түнү иштеп, аракет кылып жатышат", — деди Жаныбеков.  

Буга чейин Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаев июлда сугат суусу азыркыдан да тартыш болушу мүмкүн экенин божомолдогон.

0
Белгилер:
министр, бөлүштүрүү, айыл чарба, суу, Орто-Токой суу сактагычы
Түнкүсүн Бишкектин борборунун көрүнүшү. Архив

Бишкектин жарымы жарыксыз калды. Энергетика министринин түшүндүрмөсү 

32
(жаңыланган 22:56 17.06.2021)
Жарык Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө өчкөн.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жарык Казакстандын энергосистемасында авариялык кырдаал жаралгандыктан өчтү. Бул тууралуу "Улуттук электр түйүнү" ишканасынын маалымат кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева билдирди.  

Буга чейин ордо калаанын тургундары соцтармакка жарык өчкөнүн жазышкан. Ал тургай электр жарыгы Жогорку Кеңештин имаратында да жок болгон. Анын себебин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Баймурзаев өлкө боюнча жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткени менен түшүндүргөн.  

"Коңшу мамлекетте авария болуп, Токтогул ГЭСи былтыркыдай кырдаалды  жөнгө салды", — деди ал.  

Ишкананын маалымат кызматы саат 19:28те "Л-514 Фрунзенская-Шу" линиясында авария болгонун билдирди.  

"Борбор Азиянын бириктирилген энергосистемасы Казакстандын түндүгүндөгү бирдиктүү энергосистемадан өзүнчө бөлүнүп чыккан. Өлкө боюнча автоматтык түрдө жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткен. Саат 20:26лар чамасында "Фрунзенская-Шу" линиясы транзитке кошулуп, саат 20:55те жарык берилди", — деди Саргашкаева. 

Электр кубаты Чүйдүн Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө өчкөн.

32
Белгилер:
себеп, жарык өчүрүү, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Эч кандай энергетикалык кризис жок, өчүрүү да болбойт. Министрлик үн катты
Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу