Жамгыр. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

1085
25-майга караган түнү республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +30…+35, Таласта +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +23…+28 градус жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +32…+34, Ош шаарында +31…+33 градус болот.

1085
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Аптаптуу ысык башталбайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Бишкектеги түнкү жарыш. Архивдик сүрөт

Бишкекте түнкү жарыш старт алды. Сүрөт

63
(жаңыланган 22:29 19.06.2021)
Башында мелдеште 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды.

  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Башында 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Мелдешти Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 4
© Sputnik / Эркин Садыков
Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды

Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт.

Башында 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен.

Мелдешти Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда. Баш калаада жарыш үчүнчү ирет өтүүдө.

Белгилей кетчү жагдай, быйылкы жарышта катышуучулардан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кара-Балтадагы Улуттук Кызыл Ай коомунун балдар кризистик борборуна берилет. Аталган жайда эки жаштан 18 жашка чейинки 25 бала жашайт. Алар жетим балдар, мигранттардын балдары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болуп саналат.

Спорттук иш-чарада каалоочулар футболка, рюкзак сатып алып же диагностикадан өтүп балдар борборуна жардам бере алышат.

63
Белгилер:
спорт, жарыш, Бишкек
Тема боюнча
Көпкө күттүргөн жарыш. "Жаз деми" марафонунан видео
Ала-Тоо аянты. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

31
20-июнга караган түнү өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча ала булут каптап турат. Кээ бир райондордо кыска убакытка жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас облусунда +25...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймагында +29...+34, Ысык-Көлдө +17...+22, Нарын өрөөнүндө +16...21 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Чолпон-Ата жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто +31...+33, Чолпон-Атада +17...+19, борбор калаада +26...+28 градуска жетери маалымдалды.

31
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Ош облусунун айрым жерлеринде үч күнгө жарык өчүрүлөт. Тизме