Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековАла-Тоо аянты. Архив
Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
28-майга караган түнү республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +29…+34, Таласта +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +31…+36, Ысык-Көл +22…+27, Нарын өрөөнүндө +22…+27 градус жылыйт.
Күндүн табы Бишкекте +32…+34, Ош шаарында +33…+35 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0