Жекшембиге карата аба ырайы

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшЗавершение благоустройства улицы в Оше без участия грантов
Завершение благоустройства улицы в Оше без участия грантов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жазылуу
30-майга караган түнү Ош, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Жекшембиде күндүз республиканын көпчүлүк аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Талас жергесинде +31...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +23...+28, Нарын аймактарында +22...+27 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек жана Ош калаасында +33...+35 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0