Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© AFP / JORGE GUERREROКөчөдө бараткан кыз. Архив
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Жазылуу
31-майга караган түнү республика аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +30…+35, Таласта +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +31…+36, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +22…+27 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте +32…+34, Ош шаарында +34…+36 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0