Былтыр өлкөдө расмий никеде турбаган энелерден 30 миңден ашык бала төрөлдү

© AFP / ANTHONY WALLACEКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Улуттук статистика комитети бул балдардын баары атасыз деп айтууга болбой турганын маалымдады. Анткени акыркы жылдары өлкөдө мусулмандардын диний ырым-жырымдарына ылайык никелешүү кеңири жайылууда.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстанда былтыр туулган балдардын бештен бир бөлүгү (19 пайыз) юридикалык жактан никесин каттатпаган энелердин уул-кыздары. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
"Бирок акыркы жылдары өлкөдө мусулмандардын диний ырым-жырымдарына ылайык никелешүү кеңири жайылгандыктан, бул балдардын баары атасыз деп айтууга болбойт. Мисалы, балдарга берилген документтердин 50 пайызы атасынын дагы, энесинин дагы арызы менен даярдалган. Калган 50 пайызында баласын каттоого тургузууга бир гана энеси катышкан. Дал ушул балдар үй-бүлөдө атасы жок чоңоюшу мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.
Жалпысынан айта кетсек, 2020-жылы 158 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен 81 миңи эркек балдар жана 77 миңи кыздар.
Өткөн жылы 18 жашка чейинки 1,9 миң бала ата-энесинин камкордугусуз калганы аныкталган. Алардын ичинен 674 бала томолой жетимдер.
Жаңылыктар түрмөгү
0