Жалал-Абад менен Ош алдыда. Жыл башынан бери кайсы аймакта көбүрөөк бала туулду

© Sputnik / Табылды КадырбековТөрөт үйүндөгү ымыркай. Архив
Төрөт үйүндөгү ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Беш ай ичинде балдар эң көп төрөлгөн аймактардын сап башына Жалал-Абад, Ош облустары жана Бишкек шаары чыкты. Балдар эң аз төрөлгөн аймак Нарын облусу болуп калды.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстанда 52 469 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Беш ай ичинде балдар эң көп төрөлгөн аймактардын сап башына Жалал-Абад, Ош облустары жана Бишкек шаары чыкты.
Аймактар боюнча туулган балдардын саны:
  • Жалал-Абад облусу — 10 163;
  • Бишкек шаары – 9 282;
  • Ош облусу — 9 132;
  • Чүй облусу — 6 731;
  • Ош шаары – 5 313;
  • Баткен облусу – 4 584;
  • Ысык-Көл облусу – 3 365;
  • Талас облусу — 2 017;
  • Нарын облусу — 1 882.
Январь айынан бери "Балага сүйүнчү" жөлөк пулу 52 541 балага берилген.
"Балага сүйүнчү" төлөмү боюнча долбоор 2018-жылдын 1-январынан тартып ишке кирген. Анын өлчөмү ар бир балага — 4 000 сом. Жөлөк пулду ата-энелер ымыркай төрөлгөндөн кийин алты айдын ичинде ала алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0