Ишембиге карата аба ырайы

© AFP / DAMIEN MEYERГрадусник. Архив
Градусник. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
5-июнга караган түнү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ишембиде күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +32…+37, Таласта +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33…+38, Ысык-Көл, Нарын облустарында +23…+28 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте +34…+36, Ош шаарында +36…+38 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0