Covid-19дан эмделүү. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда толугу менен эмдөөдөн өткөндөр 40 миңден ашты

66
Бир күндө 2 500гө чукул кыргызстандык вакцина алып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы 42 029 адам толугу менен (эки дозаны тең алды) эмделип бүттү. Бул тууралуу Республикалык штабдын 5-июнга карата берген маалыматында көрсөтүлгөн.

Ал эми биринчи ирет эмделгендерди кошкондо алардын саны 86 883кө жетет. Бир күндө 2 500гө чукул кыргызстандык вакцина алып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда. Негизинен өлкөнүн бардык аймактарына вакцина жеткирилген.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Өлкөгө Кытайдын Sinopharm жана Россиянын "Спутник V" препаратынан 190 миң доза алып келинген.

Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев сентябрь айына чейин бир миллион адам вакцина алып бүтөрүн билдирген

66
Белгилер:
Кыргызстан, эмдөө, вакцина, коронавирус
Тема:
"Спутник V" вакцинасы (123)
Тема боюнча
Россиядагы чет элдиктердин вакцинаны качан алып баштаары айтылды
Биринчи айым Айгүл Жапарова коронавируска каршы вакцина алды
Кыргызстан "Спутник V" вакцинасын сатып алуу үчүн 215 млн. сом даярдады
Нарын шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын ачылышы

Нарындагы оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүнүн имараты ишке берилди. Сүрөт  

12
(жаңыланган 22:16 17.06.2021)
Бакашеванын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.  

  • Заместитель председателя кабинета министров Жылдыз Бакашова приняла участие в открытии инфекционной больницы в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Коллектив инфекционной больницы во время церемонии открытия в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Анын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Заместитель председателя кабинета министров Жылдыз Бакашова приняла участие в открытии инфекционной больницы в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Эске салсак, аталган оорукананын имаратын куруу иштери 2020-жылы башталган
    © Фото / пресс-служба правительства КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба правительства КР
Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди

Анын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген.  

"Курулуш иштерин "Мерибелл Текстиль Иншаат" жоопкерчилиги чектелген коомунун подряддык ишканасы жүргүздү. Имараттын 48 койкасы бокс палаталарда, 22 койкасы реанимация жана интенсивдик палаталарда жайгашкан. Мында дарыгерлер жана бейтаптар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Министрлер кабинетинин атынан жугуштуу оорулар бөлүмүнө жалпы суммасы 3,5 миллион сомдук акцент генераторлор, ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентраторлору жана мониторлор сыяктуу медициналык жабдуулар тапшырылды", — деген Бакашева.  

Эске салсак, аталган оорукананын имаратын куруу иштери 2020-жылы башталган.

12
Белгилер:
курулуш, имарат, бөлүм, оорукана, Нарын
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын үчүнчү партиясы келип түштү. Видео
Бийлик Бишкек—Кара-Балта жолу качан оңдолуп бүтөрүн айтты
Күн караманын жалбырагынан жаан тамчылап жатат. Архив

Жума күнүнө карата аба ырайы

18
(жаңыланган 21:07 17.06.2021)
18-июнга караган түнү өлкөнүн көп аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жума күнү күндүз республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас өрөөнүндө +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көлдө +18…+23, Нарын чөлкөмүндө +15…+20 градуска жетет.

Күндүн табы Бишкекте +32…+34, Ош шаарында +33…+35, Чолпон-Атада +19…+21 градусту көрсөтөт.

18
Белгилер:
Кыргызстан, июнь, аба ырайы
Тема боюнча
Ысыгыраак болот. Июль айына карата аба ырайы