Депозитти мөөнөтүнөн мурда жаап салуу кредит алууда таасир этеби?

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Кредиттик келишимдин тарыхы жеке жана юридикалык жактардын аткарган жана учурдагы милдеттенмелери (насыялары) жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Банктагы депозитти мөөнөтүнөн мурда жаап салуу кредит алууда терс таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Улуттук банктан билдиришти.
Белгилей кетсек, мындай суроо менен биздин редакцияга окурмандардын бири кайрылган. Мындан сырткары, келишимдин мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун таасири тууралуу интернет айдыңына дагы маалыматтар тараган.
"Депозит мөөнөтүнөн мурда токтотулуп жабылган болсо, кредиттик келишимдин тарыхына терс таасирин тийгизбейт. Анткени жарандын же юридикалык жактардын мурда-кийин алган насыялары боюнча милдеттенмелери кандай аткарылганы боюнча маалымат базада бар", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Улуттук банк кредиттик келишимдин тарыхын оңдоонун жолун айтып берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0