Бейшембиге карата аба ырайы

CC BY 2.0 / Wiennat Mongkulmann / UmbrellaКол чатыр. Архив
Кол чатыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
17-июнга караган түнү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз кээ бир райондордо жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Таласта +27…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарын өрөөнүндө +19…+24 градуска жетет.
Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +30…+32 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0