Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинЖалал-Абад шаары. Архив
Жалал-Абад шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
1-июлда түнкүсүн өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +32…+37, Таласта +31…+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +33…+38, Ысык-Көл өрөөнүндө +25…+30, Нарын чөлкөмүндө +24…+29 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +35…+37, Ош шаарында +35…+37, Чолпон-Ата шаарында +25…+27 градус жогорулайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0