Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПогода в Бишкеке
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Жазылуу
4-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жекшемби күнү республика боюнча өрөөндөрдө күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +34...+39, Талас аймагында +33...+38, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +35...+40, Ысык-Көлдө +26...+31, Нарын чөлкөмүндө +27...+32 градуска чейин ысык болот.
Борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы +32...+34 градуска жетсе, Ош шаарында +38...+40, ал эми Чолпон-Атада +25...+27 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0