Жаан жаайбы? Алдыдагы аптага аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековРозы, пальто и первые снежки — ноябрьский день в Бишкеке
Розы, пальто и первые снежки — ноябрьский день в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Синоптиктер берген маалыматка караганда, келерки аптада абанын табы бир топ көтөрүлөт. Жер-жерлерде кыска мөөнөттүү өткүн өтүп турат.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, өлкө аймагында күн өткөн аптадан дагы ысык болот.
Бишкек шаары
Апта бою күн ачык болот. Болгону 9-10-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Чүй облусу
4-10-июлда Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-июлда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Талас облусу
Таласта жума ичинде түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-июлда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары
Өлкөнүн түштүк аймагындагы облустарда аба ырайы бирдей болот. Апта бою күндүз тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
Ысык-Көл облусу
4-10-июль күндөрү күндүз Ысык-Көлдүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Нарын облусу
Нарында дагы жума ичинде маалы-маалы менен өткүн өтүп турат. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетери божомолдонууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0