Вакцина алуу. Архивдик сүрөт

Онкологиялык оорусу барлар вакцина алса болобу? Адистин жообу

65
(жаңыланган 12:22 08.07.2021)
Рактан бир нече жыл мурда дарыланган жана азыркы убакытта ремиссияда болгон онкологиялык бейтаптар жеке дарыгери менен кеңешип, коронавируска каршы эмделсе болот.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Онкологиялык оорусу бар бейтаптарды коронавируска каршы эмдөө боюнча илимий изилдөөлөр аз, бирок коронавирус оор формада өтүп, өлүм учурлары катталып жаткандыктан, рак менен жабыркаган кишиге вакцина саюу зарыл. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун клиникалык иш боюнча жетекчисинин орун басары Сүйүтбек Дөөлөтбеков брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, рактан бир нече жыл мурда дарыланган жана азыркы убакытта ремиссияда болгон онкологиялык бейтаптар жеке дарыгери менен кеңешип, коронавируска каршы эмделсе болот.

Ал эми азыркы тапта шишикке каршы дарыланып жаткандардын (химиотерапия алып, операция жасалгандар) иммунитети алсыз болушу мүмкүн. Адис белгилегендей, булар коронавирус жуктуруп алса, тумоо оор формада өтүшү ыктымал. Ошол эле маалда эмдөө натыйжалуу да болбой калышы мүмкүн.

"Кандай гана болбосун аларды карап жаткан дарыгери менен акылдашып, кеңешип туруп эмделе турчу бейтап катары эсептөө керек. Башкача айтканда, дарыгери уруксат берсе вакцина саюу зарыл", — деди Дөөлөтбеков.

Маалым болгондой, 2020-жылы ракка кабылган 5 377 бейтап каттоого алынган. Былтыр онкологиялык оору менен алышып 3 539 адам көз жумган. Азыркы тапта рак оорусу менен жабыркаган 28 586 киши каттоодо турат. 

65
Белгилер:
эмдөө, оору, онкология, вакцина, коронавирус
Тема боюнча
Инфекционист: дүйнөдө коронавирусту үчүнчү жолу жуктуруп алгандар болууда
Штаб: коронавирусту дарылоо үчүн кошумча 190 орун даярдалууда
Үйүндө беткап кийген аял. Архивдик сүрөт

COVID 20 пайыздан ашык кыргызстандыктардын психологиясына терс таасир этти

14
Коронавирус көбүнесе Ош шаары менен Талас облусунун тургундарын тынчсыздандырган. Ал эми Нарын, Ысык-Көл жана баткендиктер аны жеңилирээк кабыл алган.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. COVID-19 күч алып жаткан учурда өлкө элинин 20 пайыздан ашыгынын эмоционалдык абалы начарлаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

"Уйкунун бузулуусу, тынчсыздануу, маанайдын чөгүшү, жакын адамдар менен талашып-тартышып, пикир келишпестиктердин пайда болушу сыяктуу көйгөйлөр шаарда жашаган ар бир төртүнчү үй-бүлөдө, айылда жашаган ар бир алтынчы үй-бүлөдө кезиккен", — деп айтылат билдирүүдө.

Психологиялык жактан кыйналуу көбүнесе Ош шаары (38 пайыз) менен Талас облусунун (29,4 пайыз) тургундарында кездешкен.

"Ошол эле учурда Нарын (1,9 пайыз), Ысык-Көл (4,4 пайыз) жана Баткен (5,9 пайыз) облустарынын жашоочулары вирус тарап жаткан учурда көп тынчсызданган эмес", — деп айтылган Статком тараткан маалыматта.

Бул боюнча сурамжылоону Улуттук статистика комитети 2020-жылдын ноябрь, декабрь айларында жүргүзгөн.

14
Белгилер:
коронавирус, психология, сурамжылоо, калк, Кыргызстан
Тема боюнча
COVID-19дун курч фазасынан өткөн адам кандай кыйынчылыкка туш болот
Кант диабети барлар COVID-19га каршы кандай учурда эмделиши керек
Кагазга жазган аял. Архивдик сүрөт

Калкты тейлөө борборлорунан эми соттолбогондук боюнча справка алса болот

44
(жаңыланган 23:36 24.07.2021)
Буюртма берген справканы Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар боюнча башкы башкармалыгынан да алууга болот.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. 26-июлдан тарта Бишкектин Калкты тейлөө борборлору соттолбогондук тууралуу справка алуу үчүн арыздарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул кызмат көрсөтүү баш калаанын калкты тейлөө борборлорунда арыз тапшыруунун жана арыз ээсинин убактысын үнөмдөөнүн эң ыңгайлуу жолу катары ишке ашырылууда. Жарандын соттолбогондугу тууралуу кагаз эң зарыл документ болуп саналат.

Толтурулган арыз ИИМге жөнөтүлүп, жети күндөн кийин күбөлүктү министрликтин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын Курманжан датка көчөсү, 115 дарегиндеги Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр борборунан алууга болот.

Эгерде справканы тез арада алуу зарыл болсо, анда аны бир же үч күндөн кийин акы төлөп алуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

Бишкектин Калкты тейлөө борборлорунда "өзүн-өзү тейлөө" аймагы бар, анда жарандар ушул справкаларды алуу үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрыла алышат. Башкача айтканда, ИИМдин башкармалыгына барып убаракерчилик тартышпайт. Ар бир адам өзү үчүн ыңгайлуу жагын тандай алат.

44
Белгилер:
ИИМ, справка, Калкты тейлөө борбору
Тема боюнча
Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунун тизмеси жана даректери