Бишкек, Ош, Чолпон-Атада эмдөө борборлору күнү-түнү иштейт

© REUTERS / Victor Medina Вакцинация от коронавируса в Мексике
Вакцинация от коронавируса в Мексике - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Убактылуу эмдөө пунктуларынын ишин уюштуруу үчүн шаарларда парк, сквер жана башка ушул сыяктуу эл көп чогулган жерлерге чатырлар орнотулат.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргызстанда калкты массалык эмдөө башталганын брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Бишкек, Ош, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында эмдөө борборлору 24 саат иштемекчи.
"Убактылуу эмдөө пунктуларынын ишин уюштуруу үчүн шаарларда парк, сквер жана башка ушул сыяктуу эл көп чогулган жерлерге чатырлар орнотулат. 18 жаштан ашкан бардык каалоочулар коронавируска каршы вакцинаны акысыз ала алышат", — деди Бакашова.
Вакцинация в Гостином дворе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Кыргызстандыктарды COVID-19га каршы жапырт эмдөөдөн өткөрүү иши башталды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары вакцинаны биринчи кезекте медиктер, социалдык кызматкерлер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, 60 жаштан жогору курактагылар жана өнөкөт оорусу барлар аларын айтып, алардын саны 1 миллион 312 450 адамды түзөрүн белгилеген.
Эске салсак, 11-июлда өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинип, аймактарга таратыла баштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0