Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПрирода Жыргалан в Иссык-Кульской области
Природа Жыргалан в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
21-июлга караган түнү республиканын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Талас облусунда, Чүйдүн дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абаддын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Талас жергесинде +27...+32, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын аймагында +19...+24 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкек, Ош шаарларында +32...+34, ал эми Чолпон-Ата калаасында +21…+23 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0