Аптаптуу ысык кайтып келет. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Жоомарт УраимовПразднование международного дня защиты детей в Бишкеке
Празднование международного дня защиты детей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
Төрт күн бою күндүн табы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40 градуска чейин көтөрүлөт.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, 24-27-июль күндөрү нормадан тышкары ысык аба ырайы күтүлөрүн кабарлады.

Ысык-Көлдө эс алып жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Мээ кайнаткан ысык болобу? Августка карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 37…39 градуска чейин жогорулайт.

Ал эми бүгүн, 23-июлда, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0