Өлгөнгө чоң мал сойбойт, тойго 200 киши чакырбайт. ЖК мыйзамды биринчи окууда колдоду

© Sputnik / Саид ЦарнаевПразднование Курбан-Байрама в регионах России
Празднование Курбан-Байрама в регионах России - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
Демилгечи депутат Улукбек Ормонов той берүү үчүн айрым жарандар туугандардан уялганынан карызга акча алууга, кийин андан кутулуу үчүн иштегени чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болуп жатат деп эсептейт.

БИШКЕК, 23-июл. – Sputnik. Жогорку Кеңеш "Үлпөт той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорунун максаты — жарандардын арасында ашыкча коромжулук, шаан-шөкөт фактыларын жок кылуу, ошондой эле финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталган элдик демилгелерди колдоо.

Талаптар:

  • Той, маараке, үй-бүлөлүк салтанаттар 100дөн ашпаган адамды чакыруу менен жүргүзүлөт. Үлпөт тойлор 200гө чейинки адамга банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанаты үчтөн ашпаган жеӊил автоунааны колдонуу менен өткөрүлөт;
  • Сөөктүү коюу, жаназа окуу иш-чараларында катышуучулардын саны чектөөсүз. Бирок бодо мал жана жылкы союлбайт. Өлгөндөн кийин аза күтүү учуру боюнча ырымдарга 100дөн ашпаган адам чакырылат, анда дагы чоң мал союуга болбойт;
  • Зыяратчыларды узатуу жана тосуу үй-бүлө, жакындар менен гана өткөрүлөт. Конок чакырып, жалпы иш-чараларды уюштурууга катуу тыюу салынат;
  • Үлпөт той, маараке, салтанаттарды, сөөк коюу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү эс алуу күндөрү саат 08:00дөн 23:00гө чейин, ал эми жумушчу күндөрү саат 18:00дөн 22:00гө чейин жүргүзүлөт.

Айып пул: эрежелерди бузгандар 8-категориядагы айыпка жыгылышат. Башкача айтканда жеке тараптар — 17,5 миң сом, юридикалык тараптар 55 миң сом төлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0